Бүгүн, 14-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 8-сезонунун жарым чейрек финалы өттү. Командалар "Биатлон" жана "Фристайл" сынагында өнөрлөрүн көрсөтүштү. Анда кыздарды кетмен менен чаап, Аяна Касымовага сүрөтүн берген "Позитифф" командасы 1-орунду алды. 2-орунга "Универсал" жана "Кыргыз двор" командалары татыктуу болушту. Ал эми 3-орунду “National” курама командасы ээледи.
Айта кетсек, бүгүнкү оюнда “Позитифф”, “Ассорти”, “Универсал”, “НКБ”, “National”, “Ошингтон”, “Кыргыз двор”, “Рота”, "Порыв ветра", “Brooklyn”, "Ала-Тоо" командалары күч сынашты. Ал эми эстрада ырчысы Урмат Усенов, “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, юрист Жоомарт Жолдошев, "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков, ырчы Айбек Замиров, ырчы Аяна Касымова, спортчу Улан Эралиев "тамашоучулардын" куйкум тамашаларына баа беришти.