Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарынын Спорт Ордосунда "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын үч жолку ээси Нурлан Насип боордош казак элинин атактуу ырчысы Кайрат Нуртас менен биргеликте достук концертин берди. Спорт Ордосунун концерттик залы 100 пайыз ырчылардын күйөрмандарына толуп, концерт жогорку деңгээлде өттү.
Экөө 15-20дан хит ырларын жандуу үн менен ырдашты. Ошондой эле Нуртас Нурландын Казакстанда ырдап жүргөн ырларын экөө биргеликте ырдап чыгышты. Өз учурунда “тамашоучу” Самат Эркинбеков Кайратты сахнадан узатпай туруп тамашага салды. Саматтын “Кыргыз ырчыларынын ырларын эмнеге чек арадан кыйналбай алып өтүп кетесиң?” деген суроосуна: "Мен жөнөкөй ырчылардын ырларын албайм, Нурландай болгон кыргыз азаматтарынын ырларын өздөрүнөн сурап алып ырдайм. Мен деле “эгерде ырдайм десеңер, менин ырларымды алып ырдагыла” деп жүрөм”,- деп жооп берди.
Андан кийин Нуртас сахнада ырдап жатып үстүндөгү пиджагын чечип, күйөрмандарынын үстүнө ыргытып жиберди. Пиджакты кармап калган жигит аны Нуртаска кайтарып берүүгө аракет кылды эле, бирок ал “белекке бердим, албайм” деп койду. Ал эми Нурлан Насип апасын сахнага чакырып бутуна чөгөлөп, ыраазычылыгын билдирди. Андан кийин апасы жалпы элдин алдында Нурланга бата берип, концерт жыйынтыкталды. Кечени “тамашоучулар” Самат Эркинбеков жана Эмил Эсеналиев алып барды.
Белгилей кетсек, бул концерт 17-ноябрда да өтөт.