Бүгүн Кыргыз киносунун күнү белгиленет

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз киносунун күнү жана Кыргыз Эл артисти, кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, маданият министри Алтынбек Максүтов Кинематография департаментинде кыргыз киноиндустриясындагы кызматкерлерге "Маданияттын отличниги" наамын жана Ардак грамоталарын тапшырат. Ошондой эле "Манас" кинотеатрында Жогорку Кеңештин депутаттары, кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз киносунун күнүнө карата майрамдык салтанат өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан