Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде "Антигламур гламурга каршы" аттуу II дизайн фестивалы ачылды. Анын алкагында ар кандай багыттарда эмгектенген: кийим дизайны, фото, графикалык дизайн, интерьер дизайны, предметтик дизайн жана анимация боюнча 15 дизайнердин өнөрлөрү көргөзмөгө коюлду.
Иш-чаранын катышуучусу Рысбек Шаршеев: “Салттуу материалдарды жана кадимки
турмуш-тиричилик буюмдарын пайдалануу менен жаңы концепциядагы объекттерди жаратып, аларга жаңы жашоо берүүгө, аны менен катар өз тарыхыбызды жана өз көз карашыбызды жаратууга аракет жасадык. Себеби так ушул абстракттуу ой жүгүртүү жана көнүмүш алкактан чыгуу гана дизайнерлерди жана заманбап сүрөтчүлөрдү кызыктуу эмгектердин топтомун жаратууга шыктандырат эмеспи”.
Айта кетсек, фестиваль 22-ноябрга чейин өтөт. Анын алкагында эртеңден тартып эки күн Кыргыз Республикасынын, Казакстандын жана Түркиянын дизайнер-эксперттери тарабынан лекциялар, семинарлар жана мастер-класстар Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде өткөрүлөт.