Жийдеш Идирисова "Turkvizyon" Эл аралык сынагында өлкөбүздүн намысын коргойт

Кечээ, 22-ноябрда "Turkvizyon-2015" Эл аралык сынагында мамлекетибиздин атынан чыга турган катышуучуну тандоо болуп өттү. Финалда 8 ырчынын талантына үн режиссёру Нурдин Төрөбеков, ырчылар Гүлнур Сатылганова, Айжан Газиева, телеалпаруучу Салтанат Саматова жана башкалар баа беришти.

Жыйынтыгында ырчы Жийдеш Идирисова Стамбул шаарында 17-19-декабрь күндөрү өтүүчү сынакта "Жашагыла" аттуу чыгармасы менен Кыргыз Республикасынын намысын коргой турган болду. Ал эми кичинекей балдар арасындагы "Bala Turkvizyon-2015" сынагына катышуу үчүн кыргыз өлкөсүнөн ат салышып жаткан 9 ырчынын ичинен Айдин Нурдинов жеңүүчү аталды.

"Евровидение" популярдуу ырлар сынагынын аналогу катары саналган "Turkvizyon" Эл аралык сынагында жеңүүчүнү көрүүчүлөрдүн добушу эмес, калыстар тобу берген баалар аныктайт. Ошондой эле кийинки сынак жеңген ырчынын мекенинде эмес, "Түрксой" маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин чечиминин негизинде кайсы өлкө түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталса, ошол мамлекетте өтөт. 2014-жылы сынак Татарстандын Казань шаарында өткөн эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2015-11-23 09:56:25
Алга Жийдеш!!
+2
Mikella
2015-11-23 11:41:40
Молодец! Татыктуусун тандашыптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан