Кыргыз жеринде жашаган тажик эли улуттук ыр-бийи менен кошо кыз узатуу салтын көрсөттү (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 24-ноябрда "Музыка - элдин дили" аттуу музыкалык билим берүү программасынын алкагында республикабыздын аймагында жашаган тажик элинин маданияты көрсөтүлдү.

Иш-чара "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан уюштурулуп, анда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жашаган тажик эли улуттук каада-салтын, маданиятын көрсөттү.

Көргөзмөгө улуттук баш кийимдер, музыкалык аспаптар коюлду.

Келген коноктор улуттук кийимдерди кийип көрүп, алар тууралуу маалымат алышты.

Концерттик программаны Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жашаган тажик улутунун өкүлдөрү музыкалык чыгарма менен ачып беришти.

Кечеде тажик бийинин бир нече түрү аткарылды.

Лейлек районунун Андарак айылынан келген эң кичине катышуучу бала кыргыз жана тажик тилдеринде "Кыргызстан" аттуу чыгарманы аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүгү болду.

Улуттук музыкалык аспапта тажик тилинде ырлар аткарылганы менен, аны бардык көрүүчүлөр түшүнгөндөй туюлду.

Улуттук кийимдердин көргөзмөсүнөн кийин Кара-Суу районунан келген Гулирабо аттуу кыз "Зим-зим" бийин аткарды.

Бишкектеги ЖОЖдордо окуган кыздар Памир бийин аткарып жатышат.

Тажик тилинде махабат тууралуу ырлар көп аткарылды.

Ыр-бийден сырткары куда түшүү, сөйкө салуу жана кыз узатуу салттары көрсөтүлдү.

Келинди жүгүнтүү салтын көрсөтүп, бата беришти.

"Жар-жар" ыры ырдалып, келин жүгүнүп жатканда көзүнө жаш алгандар да болду.

Ал эми Лейлек районунан келген жаштар келинди үйдөн алып кетүү салтын көрсөтүп беришти. Үйлөнө турган бала колуктусун алып кетүү үчүн достору менен келет. Ырдап, бийлеген соң бир нече каада-салттарды аткарышат.

Жашоосунун таттуу болуусу үчүн жубайлар бири-бирине бал жедиришет. Кийинки жашоосу кандай болорун билүү үчүн бирге күзгү карашат. Кызыгы, жубайлардын кимиси биринчи жарынын бутуп тепсесе, ошол үйдү башкарат деп билишет.

Кыз ата-энеси менен коштошуп, атасы бата берген соң күйөө бала келинчегин алып кетет.

Тажик элинин каада-салты, үйлөнүү тойду өткөрүүдөгү үрп-адаттары жакшы маанай тартуулоо менен бирге катышуучуларга кызыктуу маалыматтарды бере алды.

Бишкекте тажик элинин маданияты көрсөтүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
mergen4i
2015-11-24 18:32:00
Ммммммммм....
+3
EdikoKG
2015-11-24 18:40:01
mergen4i, туура. Булардын каада салт,башкасынын кимге кереги бар?
+2
Nurluujan16
2015-11-25 04:28:51
EdikoKG,Улутчул болбо! Ушундай иш чараларды Кыргызстандагы ар бир жашаган улуттар жөнүндө өткөрүп туруш керек! Биринчеден улуттардын маданияты менен таанышабыз, экинчиден ии бизди дагы ойлошот экен деп мекенге ыраазуу болуу артат ар улуттун! Кайсыл улут болбосун Кыргызстанда төрөлгөндөн кийин Кыргызстанды мекеним деп чоңоёт. Чет жакка кетсе Кыргызстаным деп сагынат. Жалаң өз элинен турган улут жок! Куч кубатыңарды башка улутту жөн жок эле жек көрүүгө эмес өзүңөрдүн өсүп өнүүгүңөргө жумшагыла!
+3
12.12.12
2015-11-25 09:06:47
mergen4i,эмнеге коркосун? айт! Кыргыздар деле чет жакта тээ алыскы Америкада оз каада-салтын корсотуп, кочодо журушпойбу. Ошондой эле кеп.
+1
admin_portal
2015-11-25 11:14:40
mergen4i, темадан алыс билдирүүңүз тузөтулдү.
0
Kunbeken
2015-11-25 17:53:39
mergen4i,
не дедин эле ........?
0
chika-chika88
2015-11-24 19:35:54
Алар да мусульман биздей эле.. Улут ажыратпайлы бир туугандар.
+7
MAN-CITY
2015-11-24 19:38:02
Нацист болбогула туугандар нацистике пайгамбарыбыз (САВ)да тыю салган.
+6
newman
2015-11-24 19:40:44
Кыргызстанда жашаган улуттар. анын эмнеси бар экен, каада салтын корсоткондун.
+3
Nurluujan16
2015-11-25 04:30:57
newman,ошону айтсаң! Алар дагы биздин жаран! Мамлекетибиздеги ар бир улутту боорго тартып улут арасындагы ынтымакты чыңдап, ар бирибиз мамлекетибизди өнүктүргөндү ойлонсок! Гитлердей болбой! Уят!
+2
KGstan81
2015-11-24 20:28:07
эмне учун лейлек р-нунда жашаган озбектер жана тажиктер уйлоруну сатпай кочпой бир жакшына жашап жатышат ал эми биздин кыргыздар бишкеке карай качышат
+4
tebessum
2015-11-24 21:10:25
Ar dayim yntymagybyz arta bersin. Kyrgyzstanda jashagan baardyk uluttardyn yryskysy ushul jerde buyurgan eken. baarybyzdyn ukugubuz birdei.
+3
fea1990
2015-11-24 23:26:14
Кыргыздар кен пейилбизда тажиктар жыргап жашап жататтар.Тажикистанда болсо туугандарым эээ койчу жонокой эле светти суткасына 5 саат берет.
0
STAN_KG
2015-11-24 23:38:09
fea1990, Ал режим Тажикстанда жашаган бардык элге бирдей каралган. Ал эми тажик эли жөнүндө жаман пикир айта албаймын, анткени мен алардын да жакшы-жакшы адамдары менен лагерлерде бирге балалык күндөрдү өткөргөнбүз. Жаман улут жок, кемчилиги көп адамдар бар! Кыргыз-тажик достугу даңктала берсин!
+4
Nurluujan16
2015-11-25 04:35:23
fea1990,Биз башка мамлекеттин стандарттарына теңелбейбиз! Алардын дэңгээлине ылдый түшпөйбүз! Алар ынтымак, пейил жөнүндө түшүнүктү өздөштүргөнчө убакыт талап болуп жаткандыр.Пейилиңден көр балам деп бабаларыбыз жөн айтпаса керек! Колуңдан келсе таш менен чапканды- аш менен чап!Эгер ошого күч кубат, эрк, пейил, руханий байлык жетсе!
+1
dasbai
2015-11-24 23:49:21
Ее биргана кыргызстанда гана аким депутат ж.б болот. Башка кошуна олколордо кыргыздарына суубашчылык да тийбейт дагы озтилинде еркин суйлошпойт а биздикилер кел кел торго от емне десе Ошо. чондорго акча беришеби тушунбойсун ууф
+2
Nurluujan16
2015-11-25 04:38:15
dasbai,Анткени алардын маданиятында башка улуттарга же мүмкүн өз ара деле акыйкат мамиле, ак пейил деген түшүнүктөр жоктур! Биз өзүбүздүн ата бабаларыбыз калтырган баалуулуктар менен жашашыбыз керек! Бирөөнү жек көрүү бул биздин денгээл эмес!
+2
Kuzul-Kurman
2015-11-25 00:56:19
Эн туура айттыныз!!!
0
tabyshmak
2015-11-25 15:03:21
Оз агасын агалай албаган бироонукун сагалайт...
0
bah_tee
2015-11-27 16:18:53
Ушунтип башкаларды мактап журо беребизби тажикстанда кыргыздын салтын мактап корсотуп жатышабы ХХХ ХХХХ ХХХ ХХХ кыргызтанда жашагандан кийин кыргыздын салтын колдонсун
0
admin_superstan
2015-11-27 16:32:27
bah_tee, провокацияга жол жок! 3 күн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан