Бишкекте "Көпөлөк" аттуу тасманын бет ачары өттү. Тасманын режиссёру Сүйүн Откеев: “Акыркы убакта фильмдин аталышы боюнча көп суроолорду берип жатышат. Тасма кызыгуу жаратыш үчүн ага туура аталыш тандоо дагы маанилүү. Аталышын тазалык, назиктиктин символу катары "Көпөлөк" деп койдук. Коомчулукта "көпөлөк" деген сөзгө байланыштуу жаман пикир калыптанып калыптыр, балким, биздин тасмадан кийин көпчүлүктүн көз карашы өзгөрөр”,- деди.
Фильм драматург Керез Зарлыкованын чыгармасынын негизинде тартылган. Тартуучу топ менен иштешүү жагымдуу көз ирмемдерди тартуулаганын белгилеп: “Чыгарманын аталышы “Конгон көпөлөк” эле. Бул боюнча Кыргыз драма театрынын артисттери спектакль коюп, бир топ ийгиликтерди жаратышкан”,- дейт Керез Зарлыкова.
Башкы каармандардын ролун жараткан Малика Абдразакова менен тасмада анын жолдошунун ролун аткарган Нурлан Акматбеков кастинг аркылуу тандалышкан.
Жашоодо туура эмес жолду тандап, түрдүү сыноолорго туш болгон кыздын образын ачып берген Малика быйыл мектепти бүтүргөн. Учурда актрисалык жолду тандап, жогорку билим алып жатат. “Кино тартылып, бет ачары бүткөндөн кийинки нес абалдан чыга элекмин. Туугандарым колдоп жатышты”,- деп толкунданып жатканын жашырган жок.
Тасмадагы Айтолкундун эжеси Сонунбүбүнүн ролун актриса Альбина Имашова жараткан. Терс каармандын ролун ойноого ага Керез Зарлыкова сунуштаганын айтат. Ал эми Айтолкунду сүйүп калган үй-бүлөлүү ишкердин ролун Азиз Мурадиллаев жараткан.
Тасмадагы Айтолкун кичине кезинде ата-энесинен ажырап, жаштыгын кайдыгерлик менен өткөрөт. Айрым адамдардын мамилесинен жапа чегип, таарынычын айланасындагы адамдардан чыгарат. Бир күнү балалык сүйүүсү Эрланга кезигип, жашоого болгон мамилеси өзгөрөт. Бирок Айтолкундун мурдагы каталары аны оңой менен коё бербейт. Чыныгы маселе мына ошондо башталат. Айтолкун бактылуу өмүр сүрүү үчүн кандай жолду басып өткөнүн тасмадан көрүүгө болот.