Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чейин жетти.
Ал Египеттин жана Австралиянын өкүлдөрүн жеңип, жарым финалда индиялык Кажал Кажалга 7:10 эсебинде утулду.
Жыйынтыгында Айпери Медет кызы дүйнө чемпиондугунун коло медалы үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Үчүнчү орун үчүн беттеш эртең, 28-октябрда Астана шаарында өтөт.