Биз социалдык тармакта

Президенттик шайлоо: БШКга экинчи талапкер арыз берди

Бүгүн, 27-октябрда Азамат Эсенбеков президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.

Маалыматка ылайык, ал талапкерликке тапшырган экинчи жаран болду. Буга чейин ишкер Аймен Касенов да тиешелүү арызын берген.

Эскерте кетсек, талапкерлерди көрсөтүүнүн акыркы мөөнөтү 13-ноябрга белгиленген. Демек, алдыдагы күндөрү саясий атаандаштардын тизмеси дагы кеңейиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан