Кыргыз эстрада ырчысы KG Эльмурат өзүнүн медиа студиясын ачты. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда ырчы өзү SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, ачылыш аземи 3 бөлүктөн туруп, 20га жакын чакырылган конок үчүн студия тууралуу кыскача видеотасма көрсөтүлүп, каалоо-тилектерди жаздыруу жана жайылган дасторкондон даам татуу болду.
Ачылыш аземинде салтанаттуу түрдө кызыл лентаны ырчылар Мухтар Атаналиев, Байыш Момунов жана Чыңгыз Мырзаев кести. Иш-чарага Нурлан Насип, Аваз Акимов, Автандил, Бегимай Бекбоева, Дайыр Исмадияров, Добр жана башкалар келишти.
“Бул студиянын имаратын ижарага алдым. Досум экөөбүз анын ичин 1,5 ай оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Студиянын ичиндеги аппаратураны Казакстандан алып келдик. Учурда командабызда 5 адам иштейт. Биз медиага тиешеси бар клип тартып, үн жаздырып, аранжировка жасайбыз. Алдыга койгон пландарыбыз чоң”,- деди ырчы жигит.