Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн Каримберди (36 кожолук бар) айылынын тургундары 30-40 литр таза сууну 20-25 сомго сатып алышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
“Бийликтегилер бизге таза суу 2015-жылдын март айында жеткирилерин убада кылышкан. Учурда эч кандай жылыш жок, болгону арыктарды казып коюшкан. Жергиликтүү эл көлмөлөрдөгү кир сууну пайдаланат же аз эмес акчага сатып алат. Бүгүнкү күндө көлмөлөрдө да суу жок”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.