Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл өкмөтүнүн имараты толугу менен күйүп кетти. Өрт өчүрүү кызматы аталган айыл өкмөтүнүн аймагында жок болгондуктан, өрттү Көк-Арт айылынын эли өчүрүп калууга аракет кылган. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 12-декабрда билдирди.
"Өрт 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү чыккан, бирок аны өчүрүп калууга мүмкүн болгон жок. Тургундар ичиндеги документтерди, компьютерлерди жана эмеректерди сыртка алып чыгып калууга үлгүрүштү",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.