13-декабрда Бишкектеги Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 8-сезонунун чейрек финалы орун алды. Бул таймашта жарым финалга өтүү үчүн жалпы 11 команда ат салышты. Ар бир команда "Биатлон", "Фристайл" тапшырмалары боюнча өнөрлөрүн көрсөттү.
"Биатлон" сынагында команда башчылары тамашалуу ырлар менен таймашка чыгышып, Оштон келген “Универсал” командасы жеңишке ээ болду. Ал эми "Фристайл" тапшырмасында 11 команда болгон аракетин жумшап, өз өнөрлөрүн татыктуу жеткирүүгө аракет кылышты. Жыйынтыгында 8 команда чейрек финалдан утуп чыгып, жарым финалга катышуу укугуна ээ болду. 1-орунду “Позитифф”, 2-орунду “Кыргыз двор”, 3-орунду “Универсал”, 4-орунду “Ала-Тоо”, 5-орунду “Рота”, 6-орунду “НКБ”, 7-орунду “National”, 8-орунду “Brooklin” командалары алышты. Ал эми 9-орунга “Ассорти”, 10-орунга “Ошингтон”, 11-орунга “Порыв ветра” камандалары илинип, жарым финалга өтпөй калышты.
Күлкү кечени аталган долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев алып барса, калыстар тобунда “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, юрист Жоомарт Жолдошев, рэп ырчылары Бегиш жана Баястан, "тамашоучу" Азамат Исмаилов жана башкалар отуруп, командалардын өнөрлөрүн электен өткөрүштү.