ЭЛДИК КАБАР: “Кадамжай районунун Салык инспекциясынын кызматкери сейрек кездешчү жаныбарларды өлтүрүп, сүрөткө түштү” дейт окурман

“Баткен облусундагы Кадамжай районунун Салык инспекциясында иштеген Искендер Жолдошов кыргыз жергесинин сейрек кездешүүчү жаныбарларын өлтүрүп, сүрөткө түшүп, аны интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү”. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 14-декабрда билдирди.

Бул сүрөттөгү жигиттер жогорку кызматтарда иштеген адамдар. Алардын минтип биздин жаратылышка зыян келтирип жатканына жөн карап тура албайм. Искендер Жолдошов деген социалдык тармактагы баракчасына бул сүрөттөрдү мактангансып жарыялаган. Же чиновниктерге баары боло береби?”- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
star89
2015-12-14 16:13:07
Бул мекенге болгон суйуунун жок экенин белгиси жана мекенге ,сейрек кездешкен жаныбарларга,жаратылыштын кооздугуна кыянатчылык деп эсептейм жазасын алыш керек....
+6
jakikj
2015-12-14 16:25:54
Оз жасаганын оз башына муш деген дал ушул болот акыры жаратылыш ушинтип сенден оч алат андыктан мекенди экологияны сейрек кездешуучу жаныбарларды сактоо керек. Биз кийинки муунга монгулор болгон кайберендер жашаган дебей биздин монгу карагылачы кайберендерди деген сыяктуу таасирлуу адам болуубуз керек туугандар. Эми коруктагы жаныбарды атканга мыйзамсыз мылтык алганы учун жооп беруусу керек мыйзамдын алдында. пети жок экен.
+3
777bek
2015-12-14 16:31:13
Текенин эти к....н чыккыча кустуруш керек буга окшогон акмактарды.
+3
elchi84
2015-12-14 16:35:52
Мыйзам баардыгына бирдей иштеш керек.
+3
Talgat87
2015-12-14 16:43:53
Теке эми сузот буларды да 120 кой мн кенешип,жон карап турбайт.отомстить за брата
+6
bazarkyl
2015-12-14 16:52:18
салыкчылар африкада жүрсөда айрымасы жок окшойт. Бизе да ушуга окшогондор жүрөт.
+2
МэН
2015-12-14 16:59:10
Бул жаран салыкчы эмес эле, Экологиялык инспекциянын кызматкери экени белгилүү болду.
http://www.super.kg/kabar/news/132291/

Ошон үчүн салыкчыларды жөндөн-жөн эле уруша берсек болбой го :)))
+2
edu.kg.
2015-12-14 17:00:49
Мактанып суротко тушуп анысы аз болгонсуп интернет баракчасына жуктоп койгонун кантебиз. Согуш беришет да ошо менен булардын кылыгы коз жаздымда калат. Бизде кайдагы жазалоо,андай нерсе жок! Кызматынан да алышпайт.
+2
admin_portal
2015-12-14 17:08:26
boss1991, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, толук маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/132291/
0
ishikylsa
2015-12-14 17:36:58
Уяты жок, челкейген немелер экен, уялбай кайра-кайра сүрөткө түшүшүптүр. Мындайларды соттош керек!
+2
star89
2015-12-14 19:49:34
бул бироонун кабарлаганы бир далил мындай манкурттар толтура биз корбогон Аллах баарына иман мекен суйуу Аллахтан коркууну берсин
+1
Nasi1981
2015-12-14 23:24:51
Акылсыз наадандар соз жок силерге. Мыйзам алдында жооп беришсин, эгер мыйзам баарына бирдей иштесе.
0
begai93
2015-12-15 03:51:39
Айбан жырткычтааар!!! Ылайым Кожожашка окшоп аскада калып чиригиле!!! Бечара бугуларга боорум ооруп кетти (((((((
0
admin_portal
2015-12-15 12:46:33
maks94.kb, Talgat87 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыздар!
0
Sandrana
2015-12-15 16:32:17
Декабрь айынын женуучусуну ушуга бергиле азаматсын!Бизге сейрек кездешуучу жаныбарлар айлана чойронун кооздугу учун абадай керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан