Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Курут" кинокомедиясынын бет ачары өтүүдө. Фильмдин продюсери Санжар Мыкыевдин айтымында, бул тасма Бишкек менен Ош шаарларында 17-декабрдан тарта көрсөтүлө баштайт.
"Фильмдин бюджети 47 миң долларга барабар, ал 6 айдын ичинде тартылды. Тасмада башкы ролдорду өлкөбүздүн Эл артисттери жана КВНчилер жаратышты.
"Курут" - катардагы жөнөкөй тасмалардан эмес. Бул фильмдин негизги идеясы - адамга дем-күч берүү жана анын жашоого болгон көз карашын өзгөртүү",- деди продюсер.