19-декабрда Кытайдын Хайнань аралында "Дүйнө сулуусу-2015" сулуулар сынагынын финалдык баскычы аяктады. Анда жеңишке Испаниянын өкүлү Мирейя Лалагуна Ройо жеңишке жетишти. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, жеңүүчү аталган кыз 23 жашта, учурда Барселона шаарында жашайт.
Жалпысынан сынакка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 114 сулуу келип катышкан. "Вице-мисс" наамын, башкача айтканда, 2-орунду 22 жаштагы Орусиянын өкүлү София Никитчук багындырды. 3-орунду индонезиялык Мария Харфанти алды.
Аталган сынакка мамлекетибиздин желеги астында Таттыбүбү Самидин кызы катышкан. Сынактын расмий сайтында жайгашкан маалымат боюнча, ал "Топ-21`ге" (алдынкы 21 сулуу) кире алган эмес.