20-декабрда Бишкек шаарында Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жаш кыргыз рэп аткаруучулары Баястан, Бегиш жана Каспердин алгачкы концерти аяктады. Кече ээлери өз күйөрмандарына жана рэп сүйүүчүлөрүнө "Zamanbap" аталышындагы альбомунун бет ачарын өткөрүштү. Бул иш-чара тушоо кесүү концерти болгонуна карабастан, Спорт Ордосунун 80 пайызынан ашууну көрүүчүүлөргө толду. Келгендердин басымдуу бөлүгү жаштар болушту.
Концертти Баястан, Бегиш жана Каспер өздөрүнүн хит ырлары менен башташты. Андан соң алар ата мекендик шоу-бизнестин жаш мегажылдыздары Мирбек Атабеков, Омар, Арсен, Чолпонай, Иса Өмүркулов, Назгүл Токтакунова жана башкалар менен дуэт ырларын аткарышты. Мындан тышкары Бишкектин бийчилер топтору заманбап массалык бийлерин көрсөтүштү. Ал эми алып баруучулар концерттин жүрүшүндө сынактарды уюштуруп, кече ээлеринин "Zamanbap" альбомун камтыган дисктерди жеңүүчүлөргө тапшырып жатышты.
Кеченин ээлери рэпти мыкты жандуу аткаруу менен гана эмес, концертке даярданып келгени менен да эсте калышты: Баястан өзгөчө чач жасалгасы менен конокторду таң калтырса, Каспер концерттин башынан аягына чейин түз кепкасын кийип жүрдү. Бегиш дагы концертте жайкы кооз көз айнегин чечпей ырдап жүрдү, финалдык ырга жеткенде гана күйөрмандары анын көздөрүн көрө алышты.
Концерт соңуна келип, акыркы 3-4 ыр калганда, күйөрмандарга сахнага жакын туруп көрүүгө уруксат берилген эле. Ондогон балдар жана кыздар бул мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, рэп аткаруучулар аларга микрофонду сунганда, ырлардын саптарын ырдай алышты. Айрымдар сахнага чыкканга да аракет жасашты. Мындай көрүнүш Бишкектин жаштарынын арасында кыргызча рэпке болгон кызыгуу күчтүү экенин далилдейт.