"Bala Turkvizyon-2015": Жеңүүчү аталган Азербайжан сынактан четтетилип, 1-орунду казак ырчысы багындырды. Мекендешибиз Айдин Нурдинов 3-орунду ээледи

Балдар арасында өткөн "Bala Turkvizyon-2015" Эл аралык ыр сынагында мекендешибиз Айдин Нурдинов 4-орунду ээледи. Сынактын расмий сайты катары көрсөтүлгөн сайттарда анын 2-орунду ээлегени жазылган. Ал эми башка маалымат булактарына таянсак, ал 4-орунду ээлеген.

Быйыл алгачкы ирет өтүп жаткан сынакка 13 мамлекеттин жаш таланттары катышты. Жаш категориясына токтолсок, катышуучулар 8 жаштан 14 жашка чейинки ырчылар болушту. Жыйынтыгында Азербайжандын 2 өкүлү дуэт ырдап, 1-орунду ээлеген, бирок калыстар кийин ал жаш ырчылардын биринин жашы жетпегени үчүн (жобо боюнча 8 жаштан жогору болмок, ал 5 жашта болчу) сынактан четтетишкен. Жыйынтыгында орундар жылышып, 2-орунду ээлеген Казакстандын өкүлү Эркин Турсынхан 1-орунга көтөрүлдү. 2-орунга Грузиянын өкүлү өз атын жазса, 3-орунга мамлекетибиздин атынан барып, "Кыргыз бийи" чыгармасын аткарган Айдин Нурдинов көтөрүлдү.

Bala Türkvizyon 2015: Айдин Нурдинов - Кыргыз бий
Bala Türkvizyon 2015: Турсунхан Эркин - Самга
Bala Türkvizyon 2015: Нурай & Ахмед - Cocukluk Yillan (Азербайжан)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
monkey92
2015-12-21 10:09:21
Оо баракелде Азаматсын Айдин!! Сенин женишин Кыргыз элинин кубанычы!
+5
deva
2015-12-21 10:12:52
видеосун жүктөп койгулачы?!
+3
RaHat19
2015-12-21 10:29:20
азаматсын дагы ийгиликтерди жарата бер.Кыргызды даназалап журо бер,ден соолугун чын болсун.
+2
Qnet
2015-12-21 11:08:22
Айдиндин озунон интервью алыныздарчы,сураныч!Быйтыйган сонун бала экен да))
+2
azim2
2015-12-21 11:27:42
Азаматсың. Кыргыздын намысын сактап, дүйнө элине даңазалап жүрө бер.
+1
sara90
2015-12-21 11:28:37
4-oryn dep okudum ele go...
+2
Iliasino
2015-12-21 11:43:22
Азамат.
+1
nelya88
2015-12-21 13:25:29
Азаматсын! 3-орун да эн сонун жетишкендик! Онорун оркундой берсин!
+2
Мэри
2015-12-21 13:58:07
2-орун, 4-орун, 3-орун... Ушуну да түзүктөп бере алышкан эмес го, тиешелүү жактар...
Эмнеси болсо да жеңиш менен кайтыптыр, азамат!
0
Ruslan_d
2015-12-21 14:01:36
Азаматсын иним! Аркасын бийчи жигиттерди коюп бийлеткенде мынданда жакшы корунмок. Алга!
0
dubai
2015-12-21 21:01:21
Ruslan_d, ошо да!казактарга окшоп спец.эффекттерден бериш керек болчу.
0
Ainagula
2015-12-21 16:33:02
Азаматсынар, Оркунун осо берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан