"Turkvizyon" Эл аралык сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова: "Жеңишти укканда күйөрмандарыбыз сыяктуу эле биз да толкунданып, сүрдөп, көзүбүзгө жаш алдык"

Кыргыз Республикасы биринчи жолу "Turkvizyon" Эл аралык сынагында жеңишке жетти. Жеңишти сынакта кыргыз жеринин намысын коргогон Жийдеш Идирисова алып келди.

Бүгүн, 23-декабрдагы маалымат жыйынында ырчы Түркиядагы кыргыз жарандары тарабынан көрсөтүлгөн колдоо күчтүү болгонун белгилеп өттү.

"Түркиядагы мекендештерибиз колдоп келишти. Залга киргенде өлкөбүздүн туусу биринчи көзгө урунду. Сынакка төрт ай даярдандык. Ырдын сөзүн жазып берген Кыялбек Урманбетовго ыраазычылык билдирем. Бий, аранжировкасын даярдадык. Болгария, Румыния, Казакстандан келген ырчылардын вокалы күчтүү экенин байкадым.
Бул бир гана менин эмес, жалпы кыргыз жерибиздин жеңиши деп ойлойм. Жеңгенибизди укканда күйөрмандар кандай кабыл алса, биз да сүрөп, толкунданып, көзүбүзгө жаш алдык. Түркияда даярдык учурунда башка катышуучулар биздин аткаргандарыбызды көрүп мактап жатышты",
- деди Жийдеш Идирисова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
december
2015-12-23 12:23:14
Гүлжигит Калыков дагы барганында жеңип келсе керек эле.
+1
Arzyw_92
2015-12-23 12:35:33
december,ооба туура айтасын
+1
Maripa
2015-12-23 14:07:15
december, Гүлжигит Сатыбеков барса деле женмек.
0
hanisa
2015-12-24 01:02:19
Maripa,бар деп корбойсунорбу?
+2
Arzyw_92
2015-12-23 12:34:35
Азамат экенсин алга!
+1
bekmyrza58
2015-12-23 12:43:36
Yry jakpady maga chynyn aitkanda..
+1
akyl-um
2015-12-23 14:22:10
Аймжан Айылчиева окшош болуп калат экен ушулсуротто
0
akyl-um
2015-12-23 14:22:41
Азаматсыз ишинизге ийгилик
0
akyl-um
2015-12-23 14:42:24
Айымжан то есть
0
Ruslan_d
2015-12-23 16:12:51
Азаматсын!
0
dinar-87
2015-12-23 18:14:31
Азамат.
0
hanisa
2015-12-24 01:04:10
Азаматсын
Менин жакшы коргон ырчым
0
vivaldi
2015-12-24 04:53:49
Azamat. Jakshi performans boldu. Tuura aytat vokali kuchtuu irchilar da boldu. Jiydeshtin show mikti boldu. İygilik.
0
basyz-kaman.
2015-12-24 11:28:05
Калыков менен Сатыбеков барса деле алат болчу дегендер, силер деле барсанар биринчи оорунду алмансынар)) Бир несени корсонор эле тетири жазып кергиштей бергенди токтоолу туугандар! Карындашыбыз женуучу болуп элибизге сыймык алып келди куттуктап койолу, ар нерсени жаза бербей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан