Ош шаарындагы Ак-Буура-2 жана Ак-Тилек кичи райондорун бириктирген көпүрө унаалар үчүн жабык турганын окурман 28-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, бул көпүрө 2012-жылы эки кичи райондун унаа каттамын бириктирүү үчүн 2,5 миллион сомго салынган.
“Ак-Тилек кичи районунун тургундары өз билемдик кылып көпүрөнү тосуп коюшту. Мунун айынан Ак-Буура-2ге унаалар кире албай жатышат. Биз бул бейбаштык боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө да кайрылдык, бирок иш ордунан жылбай турат”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.