Орусиянын Екатеринбург шаарында эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттары өз ара КВН өткөрүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди. Анын айтымында, 1-сезондо 8 команда ат салышты.
“Жаштардын башын бириктирген КВНде командалардын ичинен “Айкөл” эң мыкты болуп тандалды. “Жигиттер” командасынын “Дыңкы жеңе” тамашасы эң мыкты тамаша болду, ошондой эле эң мыкты оюнчу, эң активдүү оюнчулар аныкталды. 1-сезондо командаларга калыстар тобу тарабынан баалар коюлду. Бул сезондо командалар четтетилбейт. Ушул баалар кийинки оюнда кошулуп эсептелинип, 5 мыкты команда чейрек финалга өтүп, 3 команда оюндан чыгат. Финалда утуп чыккан оюнчулар кыргыз жергесинде өтүп жаткан “Тамашоу” долбооруна Екатеринбург шаарында жашап жаткан мекендештердин атынан барып ойношмокчу”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.