Бүгүн, 29-декабрда саат 22:10 чамасында Бишкектин Чүй жана Тынчтык кең көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа НТС телеканалынын операторун сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбөлөр Whatsapp аркылуу билдиришти.
Маалым болгондой, "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери операторго биринчи жардам көрсөтүшкөн, бирок ал оор жаракат алгандыгынан улам ошол жерден каза тапты. "Оператор ошол аймакта Жаңы жылга карата видеосюжет тартып жаткан. Аны сүзгөн айдоочу учурда кырсык болгон жерде турат",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.