ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарына караштуу Туран аймактык кеңешинин жашоочуларынын дааратканаларынан чыккан саркынды суулар Ак-Буура-Араван каналына түшүүдө (фото)

Ош шаарына караштуу Туран аймактык кеңешинин жашоочуларынын дааратканаларынан чыккан саркынды суулар Ак-Буура-Араван каналына түшүүдө. Бул тууралуу окурман 30-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, бул сууну Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундары ичишет.

“Канализациядан чыккан саркынды суулар Жапалак айыл аймагына барат. Биз бирөөлөрдүн дааратканасынан чыгып жаткан сууну 1996-жылдан бери ичип жүрүптүрбүз. Бул маселе боюнча Жапалактын тургундары бардык тиешелүү органдарга кайрылып, бул боюнча эксперттер келип, суунун саркынды экени боюнча чечим чыгарышкан. Мындан улам каналдын четинде жайгашкан үйлөрдүн суулары кыска мөөнөткө өчүрүлгөн. Учурда суу кайра берилип, мурдагы абал кайталанып жатат”,- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ош шаарына караштуу Туран аймактык кеңешинин жашоочуларынын дааратканаларынан чыккан саркынды суулар Ак-Буура-Араван каналына түшүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
pirim77
2015-12-30 11:34:27
туранда жалан 99 пайыз ХХХ. ХХХ ХХХ ХХХ десе.муну которуп чыгып ХХХ камаш керек!
+2
admin_superstan
2015-12-30 14:54:51
pirim77, уруш-талаш, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! Азырынча эскертүү!
0
nuriyaeljan
2015-12-30 12:50:12
Бул материалды биздин журналисттер тартып атайын материалдар бар болгону биздин Ош шаарынын башында турган башкаруучуларыбыз суранды элге маалымат каражаттарына чыгарбоону себеби Ал аймакта озбек улуту коп ортодо урушууга себептер чыгышы мумкун бул маалымат аркылуу элди козутуп
+3
Rifle_2
2015-12-30 13:13:03
Ошол башкаруучулар ХХХ. Уруш чыгат элге ХХХ отура берсин. Жергиликтүү эл чыгып , чечип койгула тез арада. Өкмөттү күтүп отурсаңар, аябай көп адамдар ооруп калат.
Кандай жоопкерчиликсиз адамдар, ХХХ тынч жашай берген.
+3
admin_superstan
2015-12-30 13:32:10
Rifle_2,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
baaatyr
2015-12-30 13:06:16
Eh andai bolboit da, suunu bulgabtyra ХХХ ХХХ
+2
admin_media
2015-12-30 13:34:15
baaatyr,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан