Кувейтте Кыргыз Республикасынын, кыргыз жергесинде Кувейттин маданият күндөрү өтөрүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу 29-декабрда Кувейттеги Кыргыз Республикасынын элчиси Жусупбек Шарипов менен Кувейттин Маалымат, жаштар иштери боюнча мамлекеттик министри шейх Салман Сабах аль-Салем аль-Хамуд аль-Сабах сүйлөшүштү.
Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаевдин Кувейттеги расмий иш сапарынын жемиштүү болгону белгиленип, анын жыйынтыгы Кувейт менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелердин мындан да жакшы деңгээлге чыгарына түрткү берерин айтышты. Андан тышкары эки тараптык кызматташтык жөнүндө актуалдуу суроолор, маданият, туризм, спорт жана маалымат чөйрөсүндөгү бирге кызматташуу тууралуу да талкуу болду.