ЭЛДИК КАБАР: Өзгөндө улак тартыш оюну өтүп, Ош - Бишкек трассасында 28 чакырымдык унаа тыгыны пайда болду

Бүгүн, 3-январда Өзгөн районунун Бостон айылында улак тартыш оюну өткөрүлүп, Ош - Бишкек трассасында унаа тыгыны болду. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу билдирди.

"Тыгында 2 сааттай турдук. Унаа тыгынынын узундугу 28 чакырым болду. Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында, Жаныш деген адам улак бериптир. 5 унаа, 18 төө коюптур",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
pepew95.
2016-01-03 23:30:49
Жаныш Байыш Ниязовтор бериптир улакты.
0
adilbars
2016-01-04 00:06:10
Созсуз
0
adilbars
2016-01-04 00:07:20
Созсуз жолго чейин чыгып алыш керек экен да
+2
bander
2016-01-04 00:18:44
adilbars, жолго чыгып алган жок, адамдын коп келгендигинен тыгын болуп жатат.
0
macho90
2016-01-04 00:31:37
Жаныш байыш манас ниязовтордун уланы окшойтко жарнаиасын коргон элем кечээ
0
aydarov...
2016-01-04 00:38:16
Болсо болду да тынын. Эч нерсе болбойт бир кун тыгын болсо. Москвада кун сайын тынын.
0
Moskva.kg
2016-01-04 00:45:25
Улак отчуу жерин билем жолго жакын андан башка бош жерлер толтура ошол тарапка чабышбайбы созсуз адамдарга тоскоол болушу керекби канчалаган адамдар жумуштарынан кечигип жатышат
+7
Gulya21
2016-01-04 00:53:39
Адам бар жерде, машина бар жерде тыгын болотда жакшырак кабар жазгыла болбогон эле кабарды жоното бербей
-1
Nursultan.m.n
2016-01-04 00:57:05
Жаныш Байыш балбандардын ашы башталыптыр да
Азаматтар!!!
0
azureya19
2016-01-04 14:37:34
Nursultan.m.n, азамат болбой курусун,элдин каргышына калышты
0
Parish
2016-01-04 00:59:52
Эмне он адам той откорсо 20 саат жолдо
улак буткучо туруш керекпи.Мейли откоро
берсин бирок башка жумуш менен кетип
жаткандарга тоскоол болбошу керек да.
+9
chyngyz-KG
2016-01-04 01:20:23
Бул нерсеге да жооп беришет тиги дуйнодо.Аксакалдар оорулуларга кыйын машинада.Жаштарго чыдайт.Кыргызбызда боло берет
+6
Titi
2016-01-04 02:49:29
Ооба улак бергени жакшы,кыргыздын улуттук оюну,бирок созсуз жолго жакын болуш керек эмес. ОЗУ бир эле Ош- Бишкек жолубуз болсо ошого такагандай болуп калды. Озгондо жолдон алыс кенири жер толтура. Ошол жакка деле чабышса болмок. 400 мин адам кенири батат.
+2
zoichka
2016-01-04 09:54:08
Жаныш Байыш деген кимдер?толугурак маалымат бергилечи.
+1
azureya19
2016-01-04 14:36:28
Ээ улак откорбой ХХХ ,кечээ биз ушул тыгында 5 саат(!) турдук,2 эмес 5 саатка созулду. Канчалаган жаш балдар ыйлап ызылдашып,мен 1 жарым жашар кызым менен абдан кыйналдым. Жоопко тартылсын уюштуруучулар,трассанын боюнан башка жер тугонуп калыптырбы?
0
admin_media
2016-01-04 15:32:42
azureya19,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
azureya19
2016-01-04 14:39:06
Ондогон адамдар самолётко билет алышып Ошко жете албай калышты,алардын акчасын ким кайтарат?
+2
Мэри
2016-01-04 15:53:35
5 унаа, 18 төө... Өтө чоң масштабдагы улак тартыш болгон окшойт. Байгеси укмуш экен...
Негизи, 1 төө канча турат...
Жакшы саамалык экен, элдин көңүлүн көтөрүп, улуттук дөөлөттү элге жайылтууда бул чоң иш, бирок тыгын жаралганы жаман экен.
Анан да менин кооптонгонум, кышында кантип ойношот, же жер кургак бекен, аттар тайгаланып кетпейби дейм да...
0
dasta
2016-01-04 17:38:07
Улакты кар жокто чапса болбойт аттарга жакшы карда кыйналбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан