Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында орун жок болгондуктан, бейтаптар жаш балдары менен коридордо жатышканын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Ал коридордо бейтаптарга шамал тийип жатканын айтып тынчсызданууда.
“Жаңы жыл майрамынан кийин жаш балдар көп ооруп, палаталар бошобой, коридорго жаткырылышкан. Ооруп келгендердин көпчүлүгү ымыркайлар”,- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.