ЭЛДИК КАБАР: “Шайлоо учурунда илинген үгүт материалдары дагы деле алынбай, көчөлөрдүн көркүн бузуп жатат” дейт окурман

"Шайлоо учурунда илинген үгүт материалдары дагы деле алынбай, көчөлөрдүн көркүн бузуп жатат",- деп кайрылды окурман 5-январда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу. Окурман партиялардын үгүт плакаттары алынбай турганына элдин кыжыры келип жатканын айтты.

“Өлкөбүздүн кайсы жерине барба, көчөлөрдө партиялардын үгүт плакаттары дагы деле илинип турганын байкайсың. Шайлоодон кийин алып коюшпагандыктан, самсаалап көчөлөрдүн көркүн бузуп, элдин кыжырына тийүүдө. Анан да өтө эле бийикке илип салышкан”,- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mars55
2016-01-05 10:46:28
Дагы көбүрөөк тартбайсыңбы?
0
BakytAliev
2016-01-05 13:29:20
бузуп атса алып кой даа
0
Aikoo2014
2016-01-05 14:51:16
Ото бийикте деп турбайбы, убагында ошол партиялардын акчасын жегендер алсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан