Кыргыздын белгилүү күүсү "Маш ботой" пианинодо аткарылып, америкалыктарды таң калтырды

2009-жылы "Дүйнөнүн мыкты пианисти" деп табылган Азамат Сыдыков кыргыздын белгилүү комузчусу Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүнө жаңыча түс берди. Музыкант аталган күүнү АКШнын Нью-Йорк шаарынын көчөлөрүнүн биринде пианинодо аткарып, жергиликтүү тургундардын колдоосуна арзыды.

Музыка аткарылып бүткөндөн кийин пианинону тегеректеп тургандар жапырт кол чаап, кубатташты. Буга чейин кыргыздын көөнөрбөс күүлөрү негизинен комузда, айрым учурларда гитарада гана аткарылып келген. Белгилүү күүнүн пианинодо аткарылышы өзгөчө жана кубанычтуу жаңылык.

Азамат Сыдыков Атай Огомбаевдин "Маш ботоюн" аткарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bosmos777
2016-01-05 13:47:39
Азамат! Алга Кыргыз!
+1
Shef87
2016-01-05 13:58:33
bosmos777, кууну каяктан жуктоп алсак болот
0
mr.cana
2016-01-05 13:56:15
Атына заты жарашкан, азаматсын Азамат!
+3
Aizek02
2016-01-05 14:35:37
Ушундай жакшы жанылыктар коп болсунчу Азаматсын!
+1
NargizaM
2016-01-05 15:02:52
Сонун
0
Genar.benicio
2016-01-05 16:31:07
Мен да жакында популярдуу болом.
+2
timarama91
2016-01-05 18:13:26
Ай баракелде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан