Ысык-Ата районунда Зейнеп Шаакееванын атын алган "Ак элечекчен айымдар" тобу түзүлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Зейнеп Шаакееванын атын алган "Ак элечекчен айымдар" тобу түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда ырчынын кызы Раушан Белекова SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, буга байланыштуу салтанаттуу иш-чара Сын-Таш айыл өкмөтүндө өттү.

9 ападан турган ырчылар тобунун биринчи концертине өкмөттүн облустагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлү, айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундар катышты. Апам эл алдына чыгып аккордеондун коштоосунда 2 ырын аткарды. "Ак элечекчен айымдар" тобунда апамдын классташтары да бар экен. Алар тобун Зейнеп Шаакееванын атынан койгондуктан, анын бардык ырларын аткарып өтүштү”,- деди Белекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2016-01-05 20:05:56
Энелерден айлансан аздык кылат.
Алтын апалар 100 го чыгышсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан