ЭЛДИК КАБАР: "Каржы полициясынын кызматкерлери Баткенден сатып алган жер жаңгакты аткезчилик деп тартып алышты" дейт окурман

SUPER.KG порталына 6-январда WhatsApp аркылуу байланышкан Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну Сагынбек Эргешов: "Каржы полициясынын Кызыл-Кыя жана Кадамжай району боюнча өкүлдөрү Баткенден сатып алган жер жаңгакты аткезчилик менен ташылган жүк деп тартып алышты",- деп билдирди.

Анын айтымында, алар жер жаңгакты Баткендеги базардан сатып алышкан. "Биз Халмион айыл аймагына келгенибизде бизди текшерүүгө алышты. Өздөрүн Эркин жана Искендер деп тааныштырган кызматкерлер "жер жаңгакты аткезчилик менен алып бараткан" деген акт түзүштү, бирок бизге көрсөтүшкөн жок. Аткезчилик менен ташыгандай биз чек арадан мыйзамсыз өткөргөн эмес элек. Азыр Каржы полициясынын Баткендеги өкүлчүлүгүнө келдик. Ал жердегилер биздин жүк тууралуу документтер келе электигин айтып жатышат",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Баткен. Каржы полициясы кыргыз жеринин аймагынан сатып алган жер жаңгакты аткезчилик деп тартып алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aku
2016-01-06 14:02:14
Текшерген экоо чын эле каржы полициясынын кызматкери бекен,андай жалган документ менен элди алдагандар толуп атпайбы азыр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан