Кыргыз режиссёрлорунун фильмдери Бангладеште өтө турган эл аралык сынакка катышат

Кыргыз режиссёрлорунун фильмдери Бангладеште өтө турган эл аралык сынакка катышат. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Дакка шаарында 14-январдан 22-январга чейин өтөт. Ага режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" лентасы, ал эми айым режиссёрлор боюнча Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында", Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" жана Кымбат Адылбекованын "Таксист" фильмдери коюлган. Тасмаларга Түркиядан, Ирандан, Сириядан, Бангладештен жана кыргыз жергесинен кино сынчылары баа беришет. Калыстар жеңүүчүлөрдү “Эң мыкты фильм”, “Эң мыкты режиссёр”, “Эң мыкты актёр”, “Эң мыкты актриса”, “Эң мыкты сценарий” жана “Эң мыкты оператор” номинациялары боюнча аныкташат. Жалпысынан бул сынакта 60 өлкөдөн 170ке жакын фильм көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан