10-ноябрда Бишкектеги "Pavo" клубунда super.kg порталынын бильярд сүйүүчүлөрү арасында бильярд боюнча мелдеш болуп өттү. Ага жалпысынан 16 кий чебери катышып, 4 дипломдун ээси аныкталды. Кызуу таймаштардын жыйынтыгында мелдешке 1-ирет катышып жаткан 19 жаштагы Курманбек уулу Кубаныч (Eka_Toktogul) чемпиондукту жеңип алды. Ага финалда утулган Ибрагим уулу Рамазан (Roma_97) 2-орунду камсыздаса, Эрлан Турдиев (Erlan_93) менен Алмаз Арзыев (Almaz_94_57) 3-орунга илиништи. Мелдеште калыстык милдетти белгилүү продюсер жана бильярд боюнча КРнын спорт чебери Ильяз Адамов аркалады.
1. Мелдеш чүчү кулак тартмайдан башталды. Sanad: "Быссымылда!"
2. Кезек Chujoy`до
3. Roma_97 экзаменде оор билетти сууруп чыккандай нааразы сыяктуу
4. Мелдешти өткөрүүгө бизге Ильяз Адамов жардамдашса, ага кыздары аябай "жардамдашты" :)
5. Чүчү кулактын негизинде Chujoy алгачкы оюнун derzkiy`ге каршы өткөрдү. Chujoy жалаң "чужой" шаарларды түшүрүп жатса, derzkiy`дин шарлары "дерзко" кирип жатты. А кээде чужой шарлар дерзко кирип кетип жатты
6. Ошентип оюнда Chujoy жеңүүчү болуп чыкканы менен негизи достук жеңди
7. "Суперстандыктар" арасында бильярддык таймаштын 2 жолку чемпиону janym_ata_enem (солдо) Roma_97 менен беттештин алдында бул жолу чемпиондук эле эмес, байгелүү орундардан да куру калам деп ойлоду бекен?
8. Беттештин алдында эстеликке сүрөт