"Жылдын мыкты драмалык тасмасы" деп "Алтын глобустун" калыстары Алехандро Гонсалес Иньярритунун "Тирүү калган" тасмасын аташты.
"Мыкты драма актрисасы" наамын "Бөлмө" тасмасына тартылган Бри Ларсон алды. "Мыкты драма актёру" категориясында жеңишке Леонардо Ди Каприо жетишти. Бул жеңиштен соң актёр "Оскар" сыйлыгына ээ болот деген пикирлер жаралды. Эскерте кетсек, Леонардо Ди Каприо аталган сыйлыкка 5 жолу талапкер болуп, бирок ага ээ болгон эмес.
Мыкты режиссёр болуп "Тирүү калган" тасмасы үчүн Алехандро Иньярриту табылды. Кошумчалай кетсек, режиссёр "Бёрдмен" тасмасы үчүн былтыр да бул сыйлыкка ээ болгон.
Ал эми атактуу италиялык композитор Эннио Морриконе Квентин Тарантинонун "Жийиркеничтүү сегиздик" аттуу тасмасына жараткан музыкасы үчүн байгелүү болду.
"Экинчи пландагы мыкты актриса" номинациясын британдык Кейт Уинслет "Стив-Жобс" тасмасындагы ролу үчүн алды. Бул наамды ал буга чейин 3 жолу жеңип алган.
"Экинчи пландагы мыкты актёр" наамын "Крид: Роккиден калган мурас" тасмасындагы ролу үчүн Сильвестер Сталлоне алды.
Мэтт Дэймон "Марсианин" тасмасына тартылып, "Мыкты комедия актёру" наамына ээ болду.
"Алтын глобус" - чет элдик маалымат кызматынын Голливуддук ассоциацисы тарабынан 1944-жылдан тарта берилип келген сыйлык.