Бүгүн, 13-январда Бишкекте "Атактуу адамдар" деген аталышта көргөзмө болуп өттү. Көргөзмөгө кыргыз жергесинин тарыхта из калтырган инсандарынын сайма менен түшүрүлгөн сүрөттөрү, атактуу адамдардын акварель менен тартылган сүрөттөрү, шоколаддан жасалган скульптуралары менен кооздолгон торттор коюлду.
Уюштуруучу Азамат Исмаилов бул иш-чара жаш таланттар үчүн дем болуусун каалаганын айтты: "Көргөзмөнүн максаты жаш таланттардын өнөрүн көргөзүп, мындан ары да өнөрлөрүн өркүндөтүүгө, жаңы идеяларды жаратууга түрткү болсун дедик. Таланттар кыргыз жергесинин маданиятына чоң салым кошот деген ойдомун".
Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана бир катар шоу-бизнес өкүлдөрү да катышышты.