"Оскар-2016" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды

"Оскар" сыйлыгынын 88-сыйлык тапшыруу аземи ушул жылдын 28-февралында Голливуддагы "Долби" театрында өтөт. Кечээ, 14-январда бул сыйлыкка талапкерлердин тизмеси жарыяланды.

"Алтын глобус" сыйлыгына ээ болгон Алехандро Гонсалес Иньярритунун "Тирүү калган" тасмасы "Оскарга" 12 номинацияда талапкер болсо, Жорж Миллердин "Акылсыз Макс: Каардуу жол" тасмасы 10 номинацияда талапкер. Ал эми 7 номинацияда Ридли Скоттун "Марс тургуну" аттуу тасмасы талапкер. Алардан тышкары "Бруклин", "Көңүл борборунда", "Ылдыйлоо үчүн оюн", "Бөлмө" жана "Тыңчылар көпүрөсү" тасмалары "Мыкты тасма" номинациясындагы талапкерлердин тизмесин толукташты.

"Мыкты актёр" сыйлыгына талапкерлер: Брайан Крэнстон ("Трамбо"), Леонардо Ди Каприо ("Тирүү калган"), Майкл Фассбендер ("Стив Жобс"), Мэтт Дэймон ("Марс тургуну"), Эдди Редмэйн ("Даниялык кыз").

"Экинчи пландагы мыкты актёр" номинациясына талапкерлер: Кристиан Бэйл ("Ылдыйлоо үчүн оюн"), Марк Райлэнс ("Тыңчылар көпүрөсү"), Марк Руффало ("Көңүл борборунда"), Сильвестр Сталлоне ("Крид: Роккиден калган мурас"), Том Харди ("Тирүү калган").

"Мыкты актрисага" талапкерлер: Бри Ларсон ("Бөлмө"), Женнифер Лоуренс ("Жой"), Кейт Бланшетт ("Кэрол"), Сирша Ронан ("Бруклин"), Шарлотта Рэмплинг ("45 жыл").

"Экинчи пландагы мыкты актриса" сыйлыгына талапкерлер: Алисия Викандер ("Даниялык кыз"), Женнифер Жейсон Ли ("Жийиркеничтүү сегиздик"), Кейт Уинслет ("Стив Жобс"), Руни Мара ("Кэрол"), Рэйчел МакАдамс ("Көңүл борборунда").

Ал эми "Мыкты режиссёр" сыйлыгына Адам МакКей ("Ылдыйлоо үчүн оюн"), Алехандро Гонсалес Иньярриту ("Тирүү калган"), Жорж Миллер ("Акылсыз Макс: Каардуу жол"), Леонард Абрахамсон ("Бөлмө"), Том МакКарти ("Көңүл борборунда") талапкер болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Mars55
2016-01-15 11:10:01
Леонардо ДиКаприону эле тааныйт экем.
+2
hayley
2016-01-15 11:42:47
Мыкты актерду Метт Деймон алса экен! Марсианинде Маркты сонун аткарган.
-1
hayley
2016-01-15 11:45:21
Байкуш Леонардо ди Каприого омурундо бир жолу "Оскар" берип койгулачы Оомийин!
+5
Danel
2016-01-15 12:58:11
Леонардо Ди Каприого алатко. "Выжившый" деген киносун ото кучтуу аткарган, дегиле кинолорду мыкты аткарат. Менимче Ди Каприо быйыл алат!
+1
Pantherka
2016-01-15 13:43:53
Лео менен Джойдогу кыз алса жакшы.
0
kgbel1984
2016-01-15 13:59:59
Лео мыкты аткарат
+1
bagira77
2016-01-15 15:20:23
Леонардо ди Каприого добуш берем
0
saltanat.
2016-01-16 01:40:01
Леого бергилечи, ооооооооо эл-журт!
0
Sema04
2016-01-18 22:42:07
Лео сыйлыкты алат..Себеби Месси деле алтын топ албадыбы..))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан