18-декабрдан 18-январга чейин Орусиянын Красноярск шаарында белгилүү сүрөтчү жана мультипликатор Төлгөбек Койчумановдун сүрөт көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына сүрөтчү кабарлады. Көргөзмөнү Красноярск шаарындагы Сибирь федералдык университети Орусия менен кыргыз өлкөсүнүн маданий кызматташтыгын күчөтүү максатында уюштурган. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн май боёк менен тартылган сүрөттөрү коюлган.
"Башка менталитеттеги көрүүчүлөрдүн ойлору дагы башкача чыгармачылык эргүүгө түрттү. Көргөзмөгө көбүнчө кыргыздар келип жатышты. Мындан ары да чыгармачылыгымды өркүндөтүп, элге тартуулайм деген ойлорум бар",- дейт сүрөтчү.
Ошондой эле сүрөт сатып алууну каалагандар болгону менен, кийинки көргөзмөлөргө керектигин эске алып сатпаганын кошумчалады.