Бүгүн Бишкекте Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Жумабек Базарбаевдин бүгүнкү күндүн курч абалын чагылдырган "Караш 2" аталышындагы көргөзмөсүнүн ачылышы болду. "Караш 2" 2014-жылы болгон "Караш" көргөзмөсүнүн уландысы. Бул долбоорго Жумабек Базарбаевден тышкары Байдылда Арыков да катышты.
"Кыргыз өлкөсүнүн сүрөт искусство мектеби бир орунда туруп калды. Бул кайра артка кетүүгө түрткү болот. Азыр кичине жанрдагы (портрет, натюрморт, пейзаж) чыгармаларынын жардамы менен буга чейинки жетишкендиктерди кармап калуу мүмкүн, бирок сүрөт искусство мектебин станок искусствосу гана алдыга жылдырат. Биздин өлкөнүн искусствосу кайраттуулук, оригиналдуулук сапаттарына, ар дайым өзүнүн улуттук көз карашына ээ болгон",- дейт долбоордун катышуучулары.
Көргөзмөгө искусство тармагынын өкүлдөрү катышып, сүрөттөрдө терең философиялык ойлор камтылганын белгилешти.
Эскерте кетсек, Жумабек Базарбаев кыргыз жергеси боюнча жалгыз "Саа-Кун-Жа" корей техникасы менен сүрөт тартат.