Келдибековдун иши боюнча күбө кыргыз тилинде сүйлөп, судьяга көп нерселер өз убагында которулуп берилбегендигинен улам котормочу алмаштырылды

Келдибековдун иши боюнча соттук отурумга күбө катары экс-депутат Надира Нарматова чакырылды. Ал суракты кыргыз тилинде берип жаткандыгына байланыштуу сот Ирина Воронцовага котормочу орус тилине которуп берүүдө. Күбө тарабынан айтылган көп нерселер судьяга өз убагында жана толук которулбай жаткандыгына байланыштуу ал нааразы болуп, котормочу алмаштырылды.

"Токтомдун долбоору бизге таратылып берилген. Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүнүн ачылышы боюнча добуш берген күнү электр жарыгы өчүп калып, депутат Феликс Куловдун сунушу менен кол көтөрүп добуш бергенбиз. Мен ал жактагы мигранттардын көптүгүн эске алуу менен токтомду колдогом. Менден башкалар да колдошкону эсимде. Ал добуш берүүгө президенттин өкүлү Аида Салянова катышып, каршылыгын билдирген эмес. А.Келдибеков мага добуш бер деп айткан эмес, алдын ала эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес. Биз добуш бергенбиз. Өкүлчүлүктүн ачылышы мыйзамдуу болгон",- деди Н.Нарматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
boston___
2016-01-21 11:16:12
Кыргыз болгондон кийин кыргызча суйлош керек и сотторда кыргызча билуусу зарыл
+4
Sezim.A
2016-01-21 11:20:54
Эмнеге менин комментим чыкпай жатат,билгим келип жатат
0
admin_portal
2016-01-21 11:45:58
Sezim.A, саламатсызбы!
Бул комментарийиңыз чыкты го. Демек башкалар деле чыгышы керек. Кандай катачылыктар болуп жатат?
-1
ishikylsa
2016-01-21 11:35:58
Соттордо кыргызча эле сүйлөшпөйбү, сот кыргыз болгондо деле орусча өткөрүшөт, кызык... Өз жерибизде өз тилибизди сыйлай албасак, качанкыга чейин эле ушинтип жүрө беребиз.
+5
kamyr26
2016-01-21 11:57:42
Орустарды Кыргыз тилин билбегенден кийин кандайча сот кылып дайындаган,закондо эмне деп жазылганын сот озу билбейт экен,закондо жазылган Кыргыз тилин билуу 2кызматык абалын кыргыздын каада салтын тилин билуу абзел деп жазылат
+2
saparali96
2016-01-21 12:46:57
Кыргызстанда жашаган ар бир жаран кыргыз тилин билуусу зарыл,кайсыл элге барсан ошол элдин тилин салтын сыйла дейтго
+3
behappy74
2016-01-21 13:19:55
Прибалтика олколорундо орустар жергиликтуу тилди билбесе, омур бою ошол жерде жашаса да паспорт ала албайт.Бизде паспорт эмес мамлекеттик жогорку кызматтарды кучактап отурат. Жон да отурбай жангыз озу бут кыргызды,кыргыз болгондо да кыргыздын бут элита болумушун сен орусча суйло деп кекиртектеп улам бирине эскертуу берип отурат.Бири келе калып кыргыздын улуттук тамагы чучукту айгырдын алигиси деп шакаба чегет.Эмнеге буга жогору жактан эч кандай реакция жок.
+2
behappy74
2016-01-21 13:29:17
Жалгыз сот орус болгону учун эмнеге баары кыргыз жеринде туруп орусча суйлошу керек.Эмнеге Кыргыз олкосундо жогорку кызматта туруп улутту сыйлап кыргызча уйронбойт. Эмнеге ал талап кылгандай ага эскертуу берип эч ким кыргызча суйло деп талап кыла албайт. Качанга чейин эне тилибиз кор болот. Жок дегенде эгемен олко болгон сон оз жерибизде колго алынса боло.Бийлик колунардан башка келбесе да тилди колдоп койгулачы бай болгурлар.
+1
dasta
2016-01-21 17:00:01
Ф.Кулов жогорку кенешке отпой калган еле го кандай депутат болуп калды
0
bibi87
2016-01-23 04:48:10
Котормочуну эмес,сотту алмаштырыш керек болчу! Орус тилдуу депутат,министр ,сот жана башка кызматкерлер, суйлобосо да тушунуу керек го!!!! Дегеле башка улуттагы кыргызстандын атуулдары! Алыс барбай эле Казакстандын премьер министри Карим Масимов уйгур казакча туш жоруйт,жанылбасам. Котормочуну алмаштырды, Бекназаровго эскертуу берди деп жумурай журтка суйунчулоп отурабыз. Эх, кайран кыргыз ,кумга синген суудай болуп 50жылдан кийин табылбай калабыз го,ушундай темп менен кетсек.:-(((((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан