Кыргыз бийчилери Түркияда өтө турган 30-Эл аралык "Алтын кара көз" улуттук бий сынагына чакыруу алышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинен билдиришти.
Эл аралык сынак Түркиядагы Бурса шаарында 7-12-июлдарда өтөт. "Алтын кара көз" - улуттук бийлерди бийлеген ансамблдер арасында жыл сайын өтүүчү сынак. Фестивалда 1-орун үчүн ("Алтын кара көз") 5 миң евро, 2-орунга ("Күмүш кара көз") 3 миң, 3-орунга ("Коло кара көз") 2 миң евро сыйлык каралган. Мындан сырткары 1000 евродон эки сыйлык бар экенин маалымдашты. Уюштуруучулардын айтымында, бул жылы сынакка 30дай өлкө катышат. Эреже боюнча бир өлкөдөн бир гана бий топ катышууга укуктуу.
Эскерте кетсек, 2015-жылы бул сынакта кыргыз өлкөсүнүн атынан "Керемет датка" бий тобу катышкан. Сынакка катышууга каалагандар арызды ушул жылдын 10-мартына чейин бере алышат.