23-январда Ош шаарында белгилүү обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровду эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кечеге Оштун биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, белгилүү артисттер, акындар, композиторлор, маданияттын мыкты кызматкерлери жана Ош шаарынын тургундары катышышты.
Замирбек Аскаровдун айтымында, Рыспай Абдыкадыров ар дайым элдин жүрөгүндө жашай берет. "Рыспай Абдыкадыровдун талантынын чеги жок болчу. Анын чыгармачылыгы өз убагынан алдыга кеткен. Анын ар бир чыгармасы азыр да күчүн жоготпойт. Биз ар дайым таланты менен сыймыктана беребиз, ал ар дайым элдин жүрөгүндө жашай берет",- дейт Замирбек Аскаров.
Кеченин жүрүшүндө Рыспай Абдыкадыровдун ырлары аткарылды.