Үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 22-январына чейин Бангладештин Дакка шаарында өткөн кинофестивалда мекендешибиз Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" тасмасы лауреат болду. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Фестиваль “Мыкты тасма, мыкты аудитория, мыкты коомчулук” урааны алдында өттү. 60 өлкөнүн тасмалары “Аял режиссёрдун тасмасы”, “Балдар тасмасы”, “Көз карандысыз кыска метраждуу тасма” жана башка номинацияларда ат салышты.
Кыргыз жергесинин атынан Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак", Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында", Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" жана Кымбат Адылбекованын "Таксист" тасмалары катышты. Жыйынтыгында Ирандан келген тасма жеңишке жетип, “Топурак” тасмасы Ардак грамота менен сыйланды.