"Шайыр жана тапкычтар клубу баары үчүн" сайтындагы сурамжылоонун негизинде "Азия Mix" командасынын катышуучусу Ситора Фармонова 184 добуш менен "Мыкты КВНчи айым" номинациясында 3-орунду алды. 1-орунду 612 добуш менен "Хара Морин" командасындагы Татьяна Нежельская алса, 2-орунду 496 добуш менен Мурманск командасынын оюнчусу Анна Неделько алды. Сурамжылоого жалпысынан 10 оюнчу катышкан.
Ал эми жигиттердин арасында "Мыкты КВНчи" номинациясында Эльдияр Кененсаров 9-орунду гана ала алды. 1-орунду Камызяк аймагынын командасындагы Азамат Мусагалиев ээледи. Бул сурамжылоого да 10 оюнчу катышкан.