Бишкекте "Доктор Айболот" тасмасы жабык форматта көрсөтүлүүдө

Бишкекте бүгүн, 27-январда "Доктор Айболот" тасмасынын бет ачары жабык форматта өтүүдө. "Тамашоучу" Самат Эркинбеков тасмада башкы каармандын ролун жаратуу менен бирге режиссёрлук милдетти аркалаган.

Буга чейин бир катар комедияларда роль жараткан Самат биринчи жолу тасма тартканда кыйынчылыктар болгонун айтат. "Кээде режиссёрлук менен актёрлукту алмаштырып алып жаттым. Мындан улам айрым жерлерин ойдогудай аткарбай же кайра тартууга туура келди.
Фильмде бир айылдын жашоосу окууну бүткөн, тажрыйбасы жок дарыгер аркылуу чагылдырылат. Идея бир жыл мурун жаралган. Анын сценарийин иштеп чыгып, 3-4 айдын ичинде тартып бүттүк. Тасма өзүмдүн туулган айылым - Чүйдүн Он-Бир-Жылга айылында тартылды",
- деди Самат Эркинбеков.

Медицина тармагын чагылдырган “Доктор Айболот” тасмасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aila95
2016-01-27 20:53:06
Ушу Тамашоунун балдары тынчыраак оз чойролорундо кыбырап эле журушсо жакшы болмок. Кинонун баркын кетирип бутушту. Бут Кыргызстанды комедия каптап кетти, же ошол комедисы дагы кичине чындыкга окшошсо макул эле.
+13
Patriot...kg
2016-01-27 21:11:22
aila95, ХХХ ХХХ ХХХ... Тамашоунун балдбалдары сонун хаха комедия тартышат
-6
aila95
2016-01-27 21:27:52
Patriot...kg,

Ха ха ХХХ ХХХ ХХХ...
+5
admin_portal
2016-01-28 11:19:50
Patriot...kg, aila95 - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
Inna_91
2016-01-27 21:23:18
Суппер жамааты саламатсынарбы ушул доктор айболит тасмасын киргизип коюнуздар мага ушул актер жагат Самат Эркинбеков ийгилиик
+1
admin_portal
2016-01-28 11:21:13
Inna_91, саламатсызбы!
Мүмкүнчүлүк болору менен жүктөгөнгө аракет кылабыз.
+1
mirlan15
2016-01-27 21:47:07
Уч казан бар дейт анын 1-до орустар а 2-чи казанда казактар, 3-чу казанда кыргыздар бар экен дейт,анан бироо келип а эмнеге орустардын жана казактардын казанынын капкагы бар а кыргыздардыкы жок десе,ал минтип айтат экен орустар менен казактар ынтымактуу бирин бири туртуп чыгып кетишет а кыргыздар болсо бири чыгып баратса бири тартып тушуруп койот ошон учун капкагы да жок дейт экен.Баардыгыбыз акырындан опытный болобуз,Эми чыгып келатса катуу сындап шагын сындырбайлы.БОЛУНБОЙЛУ.
+6
ziya
2016-01-28 08:15:11
mirlan15,туура айтасын бул жигиттер да мээнет кылып жатышат да.азаматтар жакшы кино тартышкан окшойт деп окуп келе жатсам эле терс коменттер конул чоктурот.
+1
MuslimNur95
2016-01-27 21:54:06
Саматдан башкасы мыкты балдар куба Эмил рустом жаныш
-2
050795dilbara
2016-01-27 22:13:47
"Ак-Өргө citу " командасындагы оюнчулар, өзгөчө таланттуу! !Реалдуу тамашалары менен соонун кино жаратышат. Силер тарткан кинолорду абдан күтөм. Силерге бир гана ийгилик каалайм!!!Дагы да көп кино күтөм!
0
Mars55
2016-01-27 22:54:20
Башкасын билбейм Ак Өргө командасынын кинолору сонун бир күлүп аласың!
0
Maks1
2016-01-27 23:35:27
Режиссёрлук билими тажрыйбасы жоок, актёрлук да өзүнчө бир кесип. А булар акча табыш максатында баарын аралаштырып кашасын чыгарышты
+2
Zhannarbek
2016-01-28 00:51:28
ийгилик! силердин талантыңарды сыйлайм. дагы да көөп кинолорду жарата бергиле!
0
seven7
2016-01-28 03:45:10
Буткон ишке сынчы коп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан