Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков жана анын окуучуларынан түзүлгөн "Тумар КР" бий тобу Францияда өтө турган цирк фестивалына катышат. Бул тууралуу Атайдын жардамчысы Айбек Мирбеков 27-январда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Атай баштаган бийчилер учурда Париж шаарында жүрүшөт. Ал эми бий фестивалы "DE CIRQUE DE DIMAIN" деп аталат. Маалым болгондой, 37-ирет уюштурулуп жаткан бул фестиваль дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн таланттарды чогултат. Кыргыз жеринен чыккан таланттар бул фестивалга алгачкы жолу катышууда.
Расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, фестиваль 28-31-январь аралыгында өткөрүлөт.