Баткен. Облустун алдынкы окуучулары республикалык олимпиадага катышуу үчүн Бишкекке жөнөп кетишти
Баткен облусунун алдынкы окуучулары республикалык олимпиадага катышуу үчүн Бишкекке жөнөп кетишти. Бул тууралуу облустук гимназия жатак-мектебинин мугалими Султан Момунов маалымдады. Айта кетсек, февраль айынын акыркы аптасында окуучулар арасында облустук
олимпиада болуп өткөн. Анын жыйынтыгы менен аталган мектептин 3 окуучусу, Лейлек району боюнча 6 окуучу республикалык олимпиадага катышууга
жолдомо алышкан. Алар 20-марттан 24-мартка чейин Бишкек шаарында өтө
турган республикалык олимпиадага катышат.