Кувейтте кыргыз өлкөсүнүн маданият күндөрү старт алды

Бүгүн, 15-февралда Кувейттин борбору болгон Эль-Кувейт шаарында кыргыз өлкөсүнүн маданият күндөрү старт алды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Кыргыз Республикасында жарыяланган Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду. Кыргыз делегациясын аталган министрликтин башчысы Алтынбек Максүтов жетектеп барган. Делегациянын курамына 50 адам кирди.

Кувейттиктерге “Ак марал” мамлекеттик бий ансамбли жана “Ордо-Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамбли өнөрлөрүн тартуулашат. Мындан тышкары пландалган программага ылайык, “Курманжан датка” жана башка кыргыз фильмдери көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле кыргыз өлкөсүнүн туризм индустриясына арналган живопись жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү өткөрүлөт. Маданият күндөрү 18-февралга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан