ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта келип 3 унааны сүздү

Ош шаарындагы Ысабек Монуев көчөсүндө түнкү саат 12 чамасында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта келип 3 унааны сүздү. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

"Оштогу Ысабек Монуев көчөсүндөгү арканын алдында түнкү саат 12лерде Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаа жогорку ылдамдыкта келип Матиз, Хонда Одиссей, Хонда Торнео үлгүлөрүндөгү унааларды сүздү. Хонда Фиттин айдоочусу денесинен жаракат алып, ооруканага жөнөтүлдү. Ал алгач Хонда Торнеону, андан соң Матизди сүзүп, Хонда Одиссейге барып тийди",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
maksat2016
2016-02-16 10:34:27
Масс беккен айдоочу
+1
Er-jurok
2016-02-16 10:38:29
Күн алыс кырсыктар болуп жатат тоба кылдым. Акырын эле жол эрежесин сактап жүрсө болмок. Фитти каттуу айдап болбойт өзү,каттуу кеткенде сразу тормозду тепсең кармабайт аны акырын акырын тепсең анан кармайт.
+2
Flander
2016-02-16 10:59:30
Зордуктаган,өлтүргөн,алдаган,машина менен сүзгөн дегенден башка да жаңылык жазсаңар,мисалы жардам берди бирөөгө,тиги мындай жакшылык иш кылды деген.Же андай иштер жасалбай кыргыздын бардыгы криминал болуп алганбы?
+2
World0001
2016-02-16 11:41:35
Опко, айланып тептим ХХХ, жыгылып тушту кок чопко деп ушуну айтатта
-1
admin_portal
2016-02-16 11:47:51
World0001 - эскертүү!
Этика нормаларын сактаңыз.
+1
uragan007
2016-02-16 14:06:47
Дагы каттуу айдаш керек эле. Учуш керек болчу. Абайлап айдашса жетет ошол жерине
+1
Karysh
2016-02-16 15:51:16
Маи кызматкерлеринин көз алдында болду бул окуя питтин айдоочусу мас абалында болгон....
0
Kroxa
2016-02-16 23:12:37
Karysh,питтин же фиттинби?
0
Nazikbaigazy
2016-02-17 00:28:23
Бул машинелерди ошончо каттуу сузгонбу же бир аз сузгонго ошончо болдубу, машинелердин сырткы темирлери капрон еле болоткен чачылып кеттптирго кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан