Лос-Анжелесте "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү

Лос-Анжелесте 15-февралда Искусство жана граммофондук жазуу техникасы боюнча улуттук академиясынын "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Сыйлык 83 номинация боюнча тапшырылды. Бул тууралуу "РБК Стиль" басылмасы жазып чыкты.

"Жылдын альбому" номинациясын "1989" альбому менен америкалык поп-ырчы Тейлор Свифт алды. Ошондой эле аталган ырчынын "Bad Blood" аттуу ырына тартылган клиби "Мыкты музыкалык клип" номинациясында жеңип кетти.

Барктуу болгон "Жылдын жазмасы" номинациясы Бруно Марс жана Марк Ронсондун "Uptown Funk" композициясына буюрду. "Мыкты ыр" деп Эд Ширандын "Thinking Out Loud" ыры табылды.

"Мыкты бий жазмасы" номинациясын Скриллекс жана Диплонун Жастин Бибер менен биргеликте аткарган "Where Are Ü Now" ырынын клиби алды, ошондой эле алар "Мыкты бий альбому" сыйлыгына да ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан