Эртең Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата иш-чара өтөт

Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата үстүбүздөгү жылдын 20-февралында саат 12:00дө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде "Ата Мекенге кызмат кылам" аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын окуучулары катышат. Анда Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, экскурсиялар уюштурулуп, ар кандай оюндар жана викториналардын коштоосу менен өтөт. Жеңүүчүлөргө музейдин сувенирдик белектери берилет. Музейдин фонддук коллекциясындагы согуш маалындагы аскер табериктери кыргыз аскерлери тууралуу көп нерселерди баяндап бере алат.

"Иш-чара аскерлер менен оорукта эмгектенгендердин патриоттуулугун көрүп түшүнүүгө мүмкүндүк берип, оор кырдаалдарда жаш муундардын туруктуу жана эр жүрөк болушуна түрткү болот деген үмүтүбүз бар",- дешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан