ЭЛДИК КАБАР: "Таш-Көмүр - Кербен жолунун абалы өтө начар, анда жадакалса жол тандабас унаалар "аксайт" дейт окурман

"Таш-Көмүр - Кербен жолунун абалы өтө начар, анда жадакалса жол тандабас унаалар "аксайт" деп кайрылды окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу. Ал аталган жолдун абалына өкмөттүн көңүл буруусун талап кылат.

Аксы районунун тургуну болом. Мени Таш-Көмүр - Кербен жолунун абалы кайгыга салат. Бул жол Аксы, Чаткал, Ала-Бука райондорун башка шаар, облустар менен байланыштырып турат. Жол такыр каралбай калган сыяктуу. Бир жагынан бул жолго жакын жерде "Торговый дом Казанский" аттуу фирма таш казат экен. Анын таштары жолго түшүп, асфальт жараксыз абалга келди”,- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
janna9286
2016-02-19 18:09:20
Ооба туура айтасын, мамлекет конул болбойт, Таш комурдон ары жактагы,Ак суунун жолу мындан да жаман акыбалда асфальт секет кетсин жон еле ыйлагын келет кетип атып.
+2
Nurik-_-92
2016-02-19 19:47:49
туурасыго туура экен.Бирок,конул болушоор болду бекен
0
kubat2017
2016-02-19 23:28:59
Кербен аксы жергеси аксылыктар ошондой кыйынчылыкта жашоо кечируудо
0
Rifle_2
2016-02-21 20:02:39
kubat2017,Аксы чоң тамга менен жазылат.
0
Odik11
2016-02-20 11:04:41
Кепелдин жолу го, жоо адам мудурулот бул жерде.
0
AZIK01
2016-02-20 18:38:46
Ушул Кыргызстанды жолдоруна ичиң кейип кетет.
0
Rifle_2
2016-02-21 20:02:00
Автор бир аз жакшы жерлерир тартыпсың :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан